Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Апрель 2026 ж. 16:37
Көрүлдү: 221
2026-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Австрия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында эл аралык деңгээлдеги туристтик билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-чаралары өттү.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусундагы алгачкы туристтик мектептин директору Банур Абдиева менен биргеликте туристтик багыттагы бир катар окуу жайларга барды.
Атап айтканда, “Клессхайм” туристтик мектебинин директору жана анын командасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул мектепте окуучулар кабыл алынгандан тартып эле теориялык билим менен катар практикалык ишке да өзгөчө көңүл бурушат. Окуучулардын формасы, өздөрү даярдаган тамак-ашы, 300 орундуу ашканасы жана өздөрү көрсөткөн тейлөө кызматы жогорку деңгээлде уюштурулган. Мындан тышкары, мекемеде дуалдык билим берүү системасы толук кандуу ишке киргизилген.
Ошондой эле министр “EEE solutions” компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү, анын ичинде студенттер тарабынан даярдалган тамак-аш продукциялары менен таанышты.
Андан соң Зальцбург шаарындагы Sportanlagen Salzburg (Sportzentrum Rif) спорт борборуна барып, борбордун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Андан ары кышкы спорт түрлөрү академиясы (Snowsports Academy) менен таанышуу юштурулду. Сапардын алкагында курстун катышуучулары жана академиянын командасы менен жолугушуу өтүп, теориялык сабактардын уюштурулушу, окуу программаларынын түзүмү жана билим берүү атмосферасы менен таанышуу болду.
Мындан тышкары Зальцбургдагы лыжа жана сноуборд боюнча кесипкөй инструкторлор ассоциациясынын жетекчилиги менен да жолугушуу өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, иш сапардын негизги максаты – ата мекендик кесиптик даярдоо стандарттарын эл аралык кесиптик стандарттарга шайкеш келтирүү аркылуу жаңы улуттук стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу. Бул Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги туристтик борборлорду, анын ичинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин курууга байланыштуу.
Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүнүн алкагында Ак-Суу районунда туризм мектебин ачуу пландалууда.
Бул мектеп эл аралык деңгээлдеги тейлөө адистерин даярдоого багытталат. Анда туризм жана кызмат көрсөтүү тармагы үчүн кадрларды даярдоо, мугалимдерди кайра даярдоо мерчемделүүдө. Ошондой эле валидация борбору түзүлүп, кыска мөөнөттүү курстар уюштурулуп, эл аралык үлгүдөгү сертификаттарды алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалат. Мындан тышкары ар кандай курактагы жарандар үчүн жаңы кесипти өздөштүрүүсү үчүн шарт түзүлөт.
Мектеп жайгаша турган аймак “Каприз Каракол”, “Ала-Тоо Резорт” жана “Каркыра” сыяктуу ири тоо-лыжа базалары жайгашкандыгы менен өзгөчөлөнөт.
Белгилей кетсек иш сапардын алкагындагы эл аралык жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулууда.
Маалымат үчүн:
* Tourismusschulen Salzburg – Klessheim — туризм, мейманкана бизнеси жана тейлөө башкаруу тармагында Австриядагы алдыңкы окуу жайлардын бири.
* Sportzentrum Rif (Sportanlagen Rif) — Зальцбург шаарынын четинде (Риф району, Халлайн муниципалитети) жайгашкан ири спорттук комплекс. Бул аймактагы негизги спорт борборлорунун бири болуп саналат жана кесиптик спорт менен катар студенттерди окутуу жана даярдоо үчүн да колдонулат.
* Salzburg Ski & Snowboard Instructors Association (SBSSV) — Зальцбург аймагындагы лыжа жана сноуборд боюнча инструкторлордун кесиптик ассоциациясы. Уюм лыжа жана сноуборд боюнча окутууну жүргүзгөн инструкторлорду жана мектептерди бириктирип, кышкы спорт индустриясынын кызыкчылыктарын координациялап жана өкүлчүлүк кылат.
* Snowsports Academy — лыжа жана сноуборд боюнча инструкторлорду кесиптик даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга адистешкен австриялык уюм. Ошондой эле кышкы спорт түрлөрү боюнча эл аралык долбоорлорду иштеп чыгып, кышкы спорттук туризм тармагында консультациялык кызматтарды көрсөтөт.