Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Апрель 2026 ж. 15:11
Көрүлдү: 463
2026-жылдын 8-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин адистери тарабынан жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди экспертизадан өткөрүү, билим берүүнү санариптештирүү жана «Математика» менен «Табигый илимдер» багытындагы жаңы материалдарды сабак учурунда натыйжалуу колдонуу боюнча көчмө практикалык семинар өткөрүлдү.
Семинарга мугалимдер, методисттер, жогорку окуу жайлардын, институттардын жана колледждердин окутуучулары катышты. Жыйынтыгында 400дөн ашык мугалим жаңы окуу материалдарын практикалык негизде колдонуу ыкмаларын өздөштүрүштү.
Белгилей кетсек, көчмө семинар республика боюнча улантылууда. Буга чейин ал Нарын облусунда өтүп, ага 300гө жакын мугалим катышкан. Бишкек шаарындагы 4 мектептен 100гө жакын педагог, ал эми Жалал-Абад облусунан 200дөн ашык мугалим тартылган. Кийинки семинар Баткен облусунда улантылат.