ЖАҢЫ МУУНДАГЫ “КЫРГЫЗ ТИЛИ” ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАЗУУГА АВТОРЛОР ТАНДАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

9 Апрель 2026 ж. 15:03

Көрүлдү: 299

Жаңы муундагы “Кыргыз тили” предмети боюнча (эне тил жана экинчи тил катары) окуу китептерин жазууга авторлорду тандоо боюнча өткөрүлгөн экинчи республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

post.title

Жыйынтыгында, эне тил катары окуу китептерин жазуу үчүн 13 автор, ал эми экинчи тил катары окуу китептерин жазуу үчүн 9 автор тандалып алынды.

Сынакка катышкан талапкерлердин иштерин илимпоздордон жана практик мугалимдерден турган калыстар тобу баалады. Баалоодо талапкерлердин илимий-педагогикалык тажрыйбасы, методикалык даярдыгы, окуу китептерин түзүүдөгү компетенциясы жана жаңыланып жаткан билим берүү мазмунуна ылайык иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү эске алынды.

Сынактын жыйынтыктары жана тандалган авторлордун тизмеси kitepkura.edu.kg расмий сайтында жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги учурда кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча улуттук окуу китептерин иштеп чыгуу багытында системдүү иштерди жүргүзүүдө. Бул иш-чаралар билим берүү мазмунун жаңыртууга багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар