Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Апрель 2026 ж. 14:31
Көрүлдү: 256
8-апрелде, Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Надира Джусупбекованын жетекчилиги алдында аутизм спектринин бузулуулары бар балдардын сапаттуу билим алуусун камсыз кылуу маселелерине арналган жолугушуу өттү.
Жолугушууга ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө аутизми бар балдардын билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, психологиялык-педагогикалык колдоону күчөтүү жана педагогикалык кадрларды даярдоо маселелери көтөрүлдү. Ата-энелер учурдагы кыйынчылыктарды белгилеп, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды коштоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды айтышты.
Ошондой эле окутууда жекече мамилени киргизүү, жалпы билим берүүчү мектептерде ресурстук класстарды ачуу тажрыйбасын кеңейтүү жана инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министрдин орун басары Надира Джусупбекова инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуулугун баса белгилеп, ата-энелер жана эксперттик коомчулук менен мындан ары да конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аутизм спектринин бузулуулары бар балдардын окуу шарттарын жакшыртууга жана Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашышты.