РЕСПУБЛИКАЛЫК ИННОВАЦИЯЛЫК ТУРИСТТИК ЛИЦЕЙДИ ТҮЗҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА АВСТРИЯ МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

9 Апрель 2026 ж. 14:19

Көрүлдү: 210

2026-жылдын 8-апрелинде Австриянын Вена шаарында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын иш сапарынын алкагында Австрия Өкмөтүнүн өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-уюмдардын өкүлдөрү менен кесиптик билим берүүнү натыйжалуу башкаруу жана ишке ашыруу маселелери боюнча жолугушуулар өттү.

post.title

Вена жана Зальцбург шаарларына болгон иш сапардын негизги максаты – Австриянын ийгиликтүү тажрыйбасына таянып, Кыргызстанда жыл бою иштеген туристтик индустрияны өнүктүрүүнүн алкагында туристтик тармак үчүн кадрларды даярдоочу борбор катары Республикалык инновациялык туристтик лицейди түзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча консультация алуу болду.

Иш сапардын программасына ылайык Австриянын Билим берүү жана интернационалдаштыруу боюнча агенттигинин (OeAD) жетекчиси Якоб Калис жана аталган мамлекеттик мекеменин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Австриянын Федералдык Билим берүү министрлигинин башкы катчысы Александр Хубер менен жолугушууларды өткөрдү. ATC компаниясынын жетекчиси Тино Терранео жана темир жол тармагындагы билим берүү боюнча эксперт Фридрих Пихлер менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу маселесин талкуулады. Мындан тышкары Австриянын Федералдык темир жолдорунун «ÖBB-Infrastruktur AG» компаниясынын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Сильвия Анжело менен жолугушту.

Ар бир жолугушуунун жүрүшүндө кесиптик туристтик билим берүүнүн стандарттарын жана ылайыкташтырылган окуу пландарын иштеп чыгуу боюнча кызматташууну тездетүү тууралуу конкреттүү макулдашууларга жетишилди.

Бул багытта темир жол адистиктерин камтыган кесиптер, анын ичинде асма жолдорун башкаруу, коопсуздук стандарттарын киргизүү, кесиптердин тизмесин жана квалификация деңгээлдерин аныктоо маселелери талкууланды. Ошондой эле айрым учурларда Кыргыз Республикасынын кесиптик окуу жайларын бүтүргөндүгү тууралуу документтерди биргелешкен куррикулум талдоосунун, консультациялык иштердин жана теория менен практиканын катышы, квалификациялык экзамендер жана сертификация боюнча ченемдик талаптарды аныктоонун негизинде таануу маселеси каралды. Коопсуздук жана тобокелдиктерди башкаруу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууларда Кыргызстан менен Австриянын айрым көрсөткүчтөрү, атап айтканда, аймактык аянты, калктын саны, тоолуу ландшафты жана башка өзгөчөлүктөрү боюнча окшоштуктары белгиленди. Ошондой эле мугалимдерди даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде тилдик даярдык жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча маанилүү кадамдар белгиленип, Европада гана эмес дүйнөдө да эң мыкты деп эсептелген кесиптик билим берүү системаларынын бирин эске алуу жана аны жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу зарылдыгы баса белгиленди.

Кыргызстанда тармактык баалоолорго жана аймактагы туристтик рыноктун түзүмүнө ылайык, облустагы туристтик объектилердин 15–25 пайызы тоо туризмине багытталган (треккинг, альпинизм, тоо лагерлери, боз үй лагерлери, тоо курорттору). Тоо туризминин негизги борборлорунун бири – Каракол шаары (треккинг, альплагерлер, тоо лыжа курорту).

Ошондуктан бизнес, инвестициялык долбоорлор жана коопсуздукту камсыздоонун эл аралык тажрыйбалары менен интеграцияланган, алдыңкы стандарттарды ишке ашырууга багытталган кадрларды даярдоонун туруктуу моделин түзүү маселеси өтө актуалдуу болуп саналат.

Жолугушуулар учурунда министр Д. Кендирбаева төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Австриянын бизнеси Кыргызстанда буга чейин эле иш алып барып жатат. Мисалы, “Допер Майер” компаниясы. Мындан тышкары Кытай – Өзбекстан – Кыргызстан трансулуттук темир жолу курулууда. Бул ири долбоорлор ишке ашырылып жаткан мезгилде биз алар менен катар эң жогорку деңгээлде кызмат көрсөтө ала турган кесипкөй адистерди даярдоого тийишпиз. Биз үчүн жана өнөктөш министрликтер үчүн кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, сертификациялоо жана валидациялоо боюнча тажрыйбаны өздөштүрүү өтө маанилүү. Ошондой эле “мамлекет – мамлекет” деңгээлинде кызматташтыкты өнүктүрүп, кесиптик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо зарыл».

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы туристтик тармактын өнүгүшү төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт:

• 2 200дөн ашык туристтик объект иштейт;

• туристтерди кабыл алууга 6 300дөн ашык үй чарбасы тартылган;

• тоо туризминин үлүшү аймактык рыноктун 25 пайызына чейин жетет;

• негизги туристтик кластерлер (Каракол, Жети-Өгүз, Каркыра, Ала-Көл, Сары-Жаз) калыптанууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар