Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
8 Апрель 2026 ж. 16:43
Көрүлдү: 157
Агартуу министри Догдуркул Кендирбаеванын атынан Telegram мессенжеринде билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерге багытталган ар кандай билдирүүлөр таратылып жатканын маалымдайбыз.
Билдирүүлөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери сиздер менен байланышат деген өндүү жалган маалыматтар айтылган.
Бул билдирүүлөр министрге тиешеси жок экенин жана алдамчылык максатында таратылып жатканын билдиребиз.
Андыктан билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин жана жарандарды мындай шылуундардын аракеттерине алданбоого жана өтө сак болууга чакырабыз.