Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
8 Апрель 2026 ж. 11:03
Көрүлдү: 155
2026-жылдын 6–7-апрель күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин адистери тарабынан Жалал-Абад облусунун Манас шаарында билим берүү тармагындагы жаңыланууларга арналган көчмө практикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — окуу-методикалык комплекстерди экспертизадан өткөрүү тартиби менен тааныштыруу, санариптик чечимдерди жана онлайн-платформаларды колдонууга өтүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле жаңы муундагы окуу-методикалык материалдарды практикада натыйжалуу колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Семинардын алкагында «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Математика» жана «Табигый илимдер» предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо жана аларды сабак процессинде колдонуу ыкмалары боюнча практикалык презентациялар көрсөтүлдү.
Иш-чарага билим берүү уюмдарынын жетекчилери, методисттер жана мугалимдер катышып, материалдардын мазмуну жана колдонуу ыкмалары боюнча пикир алышты. Программа теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтып, катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Жыйынтыктоочу бөлүк суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Белгилей кетсек, көчмө семинар мындан ары Ош жана Баткен шаарларында улантылат.