Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
7 Апрель 2026 ж. 14:21
Көрүлдү: 224
Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоочу “Булак” акысыз мобилдик тиркемесине катталган окуучулардын саны азыр 61 миңден ашты.
Тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроолору бар. Окуучулар өткөн тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти. Активдүү колдонуучулардын саны акыркы 7 күн ичинде 50,694 адамды түздү.
Колдонуучулардын региондук бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
• Жалал-Абад облусу– 9,389
• Бишкек шаары– 9,145
• Ош шаары– 8,885
• Чүй облусу– 8,871
• Баткен облусу– 6,648
• Ысык-Көл облусу– 6,634
• Ош облусу– 5,767
• Нарын облусу– 3,507
• Талас облусу – 2,639
Белгилей кетсек, “Булак” мобилдик тиркемеси Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан ЖРТга даярдануу боюнча акысыз машыктыргыч. Ошондой эле ал бардык окуучулар үчүн, анын ичинде акы төлөнүүчү даярдоо курстарына жеткиликтүүлүгү жок аймактардагы окуучуларга тең мүмкүнчүлүк түзөт.