Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Апрель 2026 ж. 15:50
Көрүлдү: 415
Агартуу министрлиги мектеп окуучуларынын Улуттук олимпиадасынын IV (республикалык) этабы өтүп жаткандыгын маалымдайт.
Учурда физика жана информатика предметтери боюнча финалдык этап өтүүдө. Ал эми математика, химия жана биология предметтери боюнча финалдык этап 1-апрелден 5-апрелге чейин өткөрүлдү.
Бардык предметтер боюнча жыйынтыктар чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин аларды сыйлоо аземи өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, аталган олимпиада жыл сайын төрт баскычта уюштурулат: I жана II этаптар онлайн форматта, ал эми III жана IV этаптар офлайн режиминде өтөт.
Улуттук олимпиаданы өткөрүүнүн негизги максаты — зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билим деңгээлин жогорулатуу, чыгармачылык жана илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттыруу. Ошондой эле математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.