Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
6 Апрель 2026 ж. 13:47
Көрүлдү: 372
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ШКУнун жаш окумуштууларынын эл аралык лагерине катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын жарыялайт.
Катышууга 16–19 жаштагы окуучулар жана бүтүрүүчүлөр чакырылат. Алар 2026-жылдын июль айына карата 9–12-класстарды аяктаган болушу керек.
Талапкерлер илимий иш жүргүзүү үчүн англис тилин билүүгө жана тандаган багыты боюнча академиялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Лагерь академиялык мүнөздө өтүп, жогорку деңгээлдеги изилдөө иштерин камтыйт. Катышуучулар эл аралык командаларда иштеп, тажрыйбалуу профессорлор жана менторлордун жетекчилиги алдында өз долбоорлорун ишке ашырышат.
Кантип өтүнмө берсе болот?
Конкурска катышуу үчүн https://researchcamp.org/ сайтындагы форма аркылуу төмөнкү материалдарды тапшыруу зарыл:
• англис тилинде 2 эссе (ар бири 200–300 сөз);
• мектептен тышкаркы жетишкендиктер тууралуу маалымат;
• англис тилинде берилген суроого 60 секунддук видео-жооп;
• учурдагы жана өткөн окуу жылдары боюнча баалардын табели.
Катышуучулар изилдөө багыттары боюнча төмөнкү ибеш секциянын бирин тандай алышат:
• Биомедицина: бактериялардын антибиотиктерге туруктуулугун изилдөө;
• Экологиялык химия: сууну тазалоо үчүн сорбенттерди иштеп чыгуу;
• Кайра жаралуучу энергетика: шамал генераторлорунун канаттарын тестирлөө;
• Суу робототехникасы: Ысык-Көлдү изилдөө үчүн сонардык кайыктарды түзүү;
• Астрофизика жана маалыматтарды талдоо: нейротармактардын жардамы менен жаңы планеталарды издөө (эл аралык маалыматтардын негизинде).
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2026-жылдын 22-апрелине чейин (саат 23:59га чейин) жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, эл аралык лагерь Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Долбоор өткөн жылы Кыргызстандагы мектеп окуучулары үчүн ийгиликтүү өткөрүлгөн “Жаш изилдөөчүлөр лагери” демилгесинин уландысы болуп саналат.
Бул жылы лагерь ШКУга мүчө 10 мамлекеттен — Кыргызстан, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь өлкөлөрүнөн катышуучуларды бириктирет.
Лагерь 2026-жылдын 5–20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик мектебинин базасында өтөт.
Катышуучуларды эки жумалык интенсивдүү программа күтөт: 100 окуучу ШКУга мүчө мамлекеттерден келген профессорлор жана менторлордун жетекчилиги алдында эл аралык командаларда иштешет.