МЕКТЕПКЕ КАТТОО: ЭКИ КҮНДӨ 29 МИҢГЕ ЖАКЫН БАЛА КАТТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

3 Апрель 2026 ж. 10:10

Көрүлдү: 590

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026-жылдын 1-апрели саат 10:00дөн 3-апрели саат 10:00гө чейинки аралыкта “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 28 908 бала катталганын маалымдайт.

post.title

Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек шаары — 6211,
  • Ош облусу — 5341,
  • Жалал-Абад облусу — 4715,
  • Чүй облусу — 3409,
  • Баткен облусу — 3134,
  • Ысык-Көл облусу — 2414,
  • Нарын облусу — 1386,
  • Ош шаары — 1007,
  • Талас облусу — 964.

Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып өлкө аймагында балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы башталган. Биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар