Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Апрель 2026 ж. 16:43
Көрүлдү: 82
Чүй жана Жалал-Абад облустарынын мектептеринде “Пайдалуу тамактануу” жумалыгынын жыйынтыгына арналган фестиваль өттү. Иш-чара Агартуу министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Тармактык тамактануу институту (SIFI) тарабынан уюштурулду.
Окуучулар мектеп тамак-ашын даярдаган «көзгө көрүнбөгөн баатырлар» тууралуу «иликтөөнүн» алкагында даярдаган чыгармачыл иштерин: ашпозчулардын портреттерин, ыраазычылык каттарын жана оюн түрүндө түзүлгөн мини-досьелерин сунушташты.
Иш-чара балдарга мектептеги ысык тамактын баалуулугун жана күн сайын ашкананын коопсуз, таза иштеши үчүн эмгектенген ашпозчуларга урмат менен мамиле кылууну көрсөттү.
Интерактивдүү тапшырмалар жана команда менен иштөө аркылуу башталгыч класстардын окуучулары ашпозчуларга башкача көз караш менен карап, алардын мээнетин таанып-билишти. Ал эми мектеп ашканасынын кызматкерлери балдардын чын дилден айткан ыраазычылыгын кабыл алышты.