АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

2 Апрель 2026 ж. 16:24

Көрүлдү: 80

Бүгүн, 2-апрелде, Агартуу министрлигинин жыйын-залында министр Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алды. Кабыл алууга келген жарандар билим берүү тармагына байланыштуу маселелер жана сунуштар менен кайрылышты. Ошондой эле министр “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алып, сунуш-пикирлерин укту.

post.title

Кайрылуулардын негизги бөлүгүн мектептердин жана бала бакчалардын окуу программаларын карап чыгуу, ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу талаптары, ошондой эле айрым мектептер менен райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер түздү.

Министр жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жарандардын кайрылууларын угуп, ар бир маселе боюнча тиешелүү чараларды көрүү жана чечүү жолдорун иштеп чыгуу тапшырмаларын беришти.

Белгилей кетсек, жарандарды кабыл алуу Агартуу министрлигинин коомдук кабылдамасы аркылуу алдын ала жазылуу негизинде жүргүзүлөт. Жазылуу үчүн байланыш телефону: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар