УШУЛ ТАПТА 1-КЛАССКА 15 МИҢДЕН АШУУН БАЛА КАТТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

1 Апрель 2026 ж. 17:58

Көрүлдү: 112

Бүгүн, 1-апрелден тарта, өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды.

post.title

Каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө старт алды. Саат 17:30га карата республика боюнча 15 626 бала мектепке катталды.

Бишкек шаарында 4 478, Ош облусунда — 2 630, Жалал-Абад облусунда — 2 505, Баткен облусунда — 1 641, Чүй облусунда — 1 582, Ысык-Көл облусунда — 1 104, Нарын облусунда — 641, Талас облусунда — 535, Ош шаарында — 510 бала катталды.

Биринчи этапта эта-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Белгилей кетсек, 1-класска 2019-жылы жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар