Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Апрель 2026 ж. 16:03
Көрүлдү: 73
Өлкөдө WorldSkills Kyrgyzstan улуттук чемпионатынын аймактык этабы жыйынтыкталды.
Чемпионаттын аймактык этабы WorldSkills кыймылынын эл аралык стандарттарына ылайык өткөрүлүп, өлкөнүн бардык аймактарындагы башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларын бириктирди.
Мелдештин алкагында катышуучулар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон «Ширетүү технологиялары», «Мода технологиясы» жана «Ашпозчулук иши» компетенциялары боюнча жогорку деңгээлдеги кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүштү.
Аймактык этаптын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталып, алар WorldSkills Kyrgyzstan чемпионатынын улуттук этабына катышуу укугуна ээ болушту.
Компетенциялар боюнча жеңүүчүлөр:
«Ашпозчулук иши»:
• Бишкек шаары — Асанова Дария (№ 18 кесиптик лицей)
• Чүй облусу — Дыйканбаев Бактияр (№ 105 кесиптик лицей)
• Талас облусу — Сагынова Назик (№ 6 кесиптик лицей)
• Ысык-Көл облусу — Муратова Нурайым (№ 22 кесиптик лицей)
• Нарын облусу — Мурадилов Бекмырза (№ 87 кесиптик лицей)
• Ош облусу — Маккамбаева Айбийке (№ 12 кесиптик лицей)
• Баткен облусу — Авазбекова Аксана (№ 31 кесиптик лицей)
• Жалал-Абад облусу — Тойчуев Байсал (№ 89 кесиптик лицей)
«Ширетүү технологиялары»:
• Бишкек шаары — Черненко Ярослав (№ 27 кесиптик лицей)
• Чүй облусу — Койчиев Арзымат (№ 28 кесиптик лицей)
• Ысык-Көл облусу — Асанбаев Турсунбек (№ 22 кесиптик лицей)
• Нарын облусу — Осмонкулов Нурболот (№ 26 кесиптик лицей)
• Ош облусу — Максутов Эсен (№ 62 кесиптик лицей)
• Баткен облусу — Исраилов Абубакиржон (№ 115 кесиптик лицей)
• Жалал-Абад облусу — Акунов Умар (№ 75 кесиптик лицей)
«Мода технологиясы»:
• Бишкек шаары — Сыргыкова Халифа (№ 18 кесиптик лицей)
• Чүй облусу — Мадьюн Наима (№ 56 кесиптик лицей)
• Талас облусу — Койчугулова Раяна (№ 110 кесиптик лицей)
• Ысык-Көл облусу — Русланов Акбар (№ 2 кесиптик лицей)
• Нарын облусу — Дуйшеналиева Айдеми (№ 87 кесиптик лицей)
• Ош облусу — Маматжанова Тахмина (№ 16 кесиптик лицей)
• Баткен облусу — Алиева Хуршидахан (№ 8 кесиптик лицей)
• Жалал-Абад облусу — Анарбаева Асема (№ 63 кесиптик лицей)
Чемпионаттын аймактык этабы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.