Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Апрель 2026 ж. 13:53
Көрүлдү: 97
2026–2027-окуу жылына карата Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарына окуучуларды каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.
2025–2026-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасы этап-этабы менен киргизилип, 1- жана 2-класстарга бир убакта кабыл алуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, айрым мектептерде орун жетишсиздиги жаралган. Ушул жагдайды жөнгө салуу максатында зоналык микроучасток принциби киргизилген.
2026–2027-окуу жылында жаңы тартипке ылайык, каттоо ар бир мектепке бекитилген микроучастоктун негизинде гана жүргүзүлөт.
Бул чечим Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. Киргизилген өзгөртүүлөр борбор калаада калктын жыш жайгашуусун эске алуу менен мектептердеги жүктөмдү тең салмактуу бөлүштүрүүгө багытталган.