БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

1 Апрель 2026 ж. 13:35

Көрүлдү: 149

Бүгүн, 1-апрелден тарта өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды.

post.title

Мектепке каттоо процесси учурунда жаралган көйгөйлөр боюнча ата-энелерге жана жарандарга министрликтин кызматкерлери түшүндүрмө иштерин жүргүзүүдө.

Урматтуу ата-энелер!

Балаңызды мектепке каттоо үчүн “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу алдын ала каттоодон өтүңүз. Ата-энелердин расмий катталган дареги боюнча системада тиешелүү мектеп автоматтык түрдө көрсөтүлөт.

Арыздарды онлайн түрдө тапшырууга болот:

1mektep.edu.gov.kg сайты же

• «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу

Быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Каттоо этаптары:

1. Биринчи этап: Ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча каттоосу (туруктуу каттоосу) бар учурда бала кабыл алынат.

2. Экинчи этап: Мектепте бош орундар болгондо, ата-энесинин туруктуу каттоосуна карабастан балдар кабыл алынат. Бул этап 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар