Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
31 Март 2026 ж. 17:55
Көрүлдү: 117
Бүгүн, 31-мартта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде SMART ED долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин 2026-жылга карата иш-чаралар планына кол коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова, ошондой эле ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2026–2027-жылдары билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууну караган планга кол коюшту.
Документ билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт. Анын ичинде окуу программаларын жана окуу-методикалык материалдарды жаңылоо, көп тилдүү жана практикага багытталган окутууну киргизүү, мугалимдерди колдоону жана даярдоону жакшыртуу, ошондой эле инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана инклюзиядагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу каралган.