WORLDSKILLS KYRGYZSTAN: ТҮШТҮК АЙМАГЫ БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕР ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

30 Март 2026 ж. 17:15

Көрүлдү: 328

Бүгүн, 30-мартта, WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин үчүнчү аймактык мелдештери түштүк аймагы боюнча өтүүдө.

post.title

Тагыраагы, мелдештерге Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан кесиптик лицейдин окуучулары катышууда.

Чемпионаттын алкагында катышуучулар “Мода” жана “Ширетүү” технологиялары, “Ашпозчулук иши” компетенциялары боюнча өз күчүн сынашат.

Аймактык мелдештин ачылышы Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейинде өтүп, ага Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фондунун негиздөөчүсү Куван Жусуев, кесиптик лицейлердин жетекчилери, өнөктөштөр жана эксперттер катышты.

Аймактык этаптын жеңүүчүлөрү 2026-жылдын апрель айында өтө турган WorldSkills Kyrgyzstan Улуттук чемпионатына катышуу укугуна ээ болушат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар