Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Март 2026 ж. 14:23
Көрүлдү: 518
Бүгүн, 30-мартта өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Аземдин алкагында алар командалык эсепте алдыңкы үчтүккө кирген Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй облусунун командаларынын жетекчилерине министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырышты.
27–28-март күндөрү өткөн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыгында командалык эсепте:
• Бишкек шаары 21 орун, 49 упай менен I орунду,
• Ош шаары 8 орун, 16 упай менен II орунду,
• Чүй облусу 7 орун, 11 упай менен III орунду ээледи.
Мындан тышкары, республикалык олимпиаданы жогорку деңгээлде уюштурууга кошкон салымы үчүн төмөнкү билим берүү мекемелерине ыраазычылык каттар берилди:
• И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети,
• «Маариф» эл аралык билим берүү мекемеси,
• Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Айчүрөк» лицейи,
• Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи.