Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Март 2026 ж. 12:57
Көрүлдү: 629
Бүгүн, 30-мартта, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасында мугалимдер дагы сыйланды.
Тагыраагы, окуучулары республикалык олимпиадада I, II, III орундарды багындырган мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды.
I орунду алган окуучулардын мугалимдери:
1. Эсеналиева Асылкүл Табылдиевна - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек Карпеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
2. Ибраимова Майрамбү Жаркынбаевна - Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы З. Нурматова атындагы лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
3. Дубинина Елена Борисовна - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ю.А. Гагарина атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
4. Мусаева Рахима Исировна - Бишкек шаарындагы Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин орус тили жана адабияты мугалими;
5. Хамидова Дилором Махамаджановна - Ош облусунун Араван районундагы Араван Билим Ордо мекемесинин англис тили мугалими;
6. Сыдыкбекова Зарина Джумадиновна - Бишкек шаарындагы «Сейтек-Стем» билим берүү комплексинин англис тили мугалими;
7. Аманов Айбар Бакытбекович - Бишкек шаарындагы «Маариф» билим берүү комплексинин математика мугалими;
8. Ишматов Мамат Юсупович - Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими;
9. Жолдошова Гульнур Хамитовна - Ош шаарындагы №71 “Жетиген” жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими;
10. Тажибаев Эльбрус Керимбекович - Бишкек шаарындагы «Сейтек-Стем» билим берүү комплексинин биология мугалими;
11. Муминов Азиз Касимович - Ош шаарындагы №43 З.М. Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими;
12. Ахмед Ясмиин - Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт лицейи» филиалынын химия мугалими;
13. Усмонова Ранахан Деканбаевна - Ош шаарындагы №48 жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими;
14. Сатыбалдиев Дуйшон Эсенбаевич - Бишкек шаарындагы «Сейтек-Стем» билим берүү комплексинин физика мугалими;
15. Умарбаева Назгүл Абдисамиевна - Ош шаарындагы «Сапат» лицейинин география мугалими;
16. Иманкулова Нуржакан Камчыбековна - Талас облусунун Манас районундагы Кочкорбаев Шабданбек атындагы орто мектебинин тарых мугалими;
17. Ураимов Кылычбек Адылжанович - Бишкек шаарындагы «Сейтек-Стем» билим берүү комплексинин информатика мугалими.
II орунду алган окуучулардын мугалимдери:
1. Токтосунова Акмарал Аширбековна - Ош облусунун Өзгөн районундагы Жээнбек Маматжанов атындагы №58 орто жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
2. Алкеева Назгүл Турсунбаевна - Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт лицейи» филиалынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;
3. Касымалиева Жылдыз Турсейитовна - Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
4. Джунушбаева Динара Омурхановна - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” Президенттик лицейинин орус тили жана адабияты мугалими;
5. Чичиланова Инна Юрьевна - Бишкек шаарындагы №29 М. Джалиль атындагы жалпы билим берүү мектебинин англис тили мугалими;
6. Карим Раян Абдулрахман Вармзияр - Бишкек шаарындагы «Индиго Сапат» жалпы билим берүү мектеп-комплексинин англис тили мугалими;
7. Панкова Ирина Геннадьевна - Бишкек шаарындагы КРСУнун орто жалпы билим берүүчү мектебинин математика мугалими;
8. Салим Актер - Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Курманбек Баатыр атындагы лицейинин математика мугалими;
9. Эралиева Нургул Мухтаровна - Бишкек шаарындагы И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицейинин биология мугалими;
10. Темиркулов Асхатбек Темиркулович - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кут Билим” окуу тарбия комплексинин биология мугалими;
11. Коннер Кроуфорд - Бишкек шаарындагы «Саммит Интернэшнл Скул» мектебинин химия мугалими;
12. Ахмед Ясмиин - Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт лицейи» филиалынын химия мугалими;
13. Сидоренко Андрей Владимирович - Бишкек шаарындагы «Маариф» билим берүү комплексинин физика мугалими;
14. Омурканов Тургунбек Замирбекович - Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин физика мугалими;
15. Дуйшенкулов Болот Рыспекович - Чүй облусунун Сокулук районундагы "Силк Вей" Эл аралык мектебинин мугалими;
16. Акматалиева Самара - Ош облусунун Өзгөн районундагы Мама Кулуев атындагы №22 жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими.
III орунду алган окуучулардын мугалимдери:
1. Турарбек кызы Асел - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсуралиева атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
2. Абдылдаева Бактыгүл Барышовна - Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы №102 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
3. Кожантаева Жанна Абурайровна - Ош шаарындагы Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясынын орус тили жана адабияты мугалими;
4. Ашимова Бактыгүл Ашировна - Баткен облусунун Баткен шаарындагы Баткен областтык жатак мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
5. Молдокулова Мира Мыктыбековна - Талас облусунун Талас шаарындагы №2 орто мектебинин англис тили мугалими;
6. Жороева Аида Мамадалиевна - Ош шаарындагы Ага Хан мектебинин англис тили мугалими;
7. Гудкова Ольга Викторовна - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чалагыз Иманкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими;
8. Кхан Калам Абдул - Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемеси "Жайыл Баатыр атындагы лицейи" филиалынын математика мугалими;
9. Байзаков Эрмек Мелисбекович - Чүй облусунун Сокулук районундагы «Силк Вей» эл аралык мектебинин биология мугалими;.
10. Верещагина Галина Петровна - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ломоносов мектеби илимий-билим берүү комплексинин биология мугалими;
11. Арстанбек кызы Айжаркын - Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими;
12. Молдобаев Дильмурат Молдобаевич - Ош шаарындагы Академия Купуева жоопкерчилиги чектелген коому химия мугалими;
13. Ашырова Ольга Александровна - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы №1 жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими;
14. Керимбаев Элчибек Аманович - Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт лицейи» филиалынын физика мугалими;
15. Айжигитова Марзия - Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 жалпы билим берүү мектебинин география мугалими;
16. Ойчиева Элвира Сатыбалдыевна - Ош шаарындагы “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин “Курманжан Датка атындагы лицейи” филиалынын тарых мугалими.