Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Март 2026 ж. 11:30
Көрүлдү: 245
Бүгүн, 30-мартта, “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө өлкөнүн келечеги билимге жана илимге умтулган жаштардын колунда экенин белгилеп, олимпиада жеңүүчүлөрүн куттуктады.
“Сиздерге суктануу менен кошо толкунданып турам. Бир убакта мен дагы сиздердей бир нече жолу республикалык олимпиаданын катышуучусу болгом. Сиздердин өжөрдүгүңүздөр жана тырышчаактыгыздар бүгүнкү ийгиликке жеткирди”, - деди Эдил Байсалов.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева билим таймашында ийгиликке жетишкен окуучулардын талыкпас эмгеги, тынымсыз изденүүсү жана максатка умтулуусу өз жемишин бергенин баса белгиледи.
“Быйыл өлкө боюнча республикалык олимпиадага жалпы 24 миң окуучу катышты. Алардын ичинен эң мыктылары тандалып, 322 окуучу финалдык баскычка жетти. Бул жерде тургандардын баары сиздер мыкты жана таланттуу окуучуларсыздар. Ар бир катышуучу – жеңиштин ээси деп эсептейм. Сиздер эл аралык олимпиадаларда да жеңишке жетишип, Кыргызстандын желегин бийик көтөрөсүздөр деп ишенем”. – деп билдирди министр.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева окучуларды даярдаган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, Президенттин колдоосу менен бардык мугалимдердин айлык маяналарын жогорулатуу алдында турабыз деп белгиледи.
Белгилей кетсек, республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 27–28-март күндөрү Ч. Айтматов атындагы Бишкек «Айчүрөк» лицейи жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети базасында өткөрүлдү. Ага өлкө боюнча олимпиаданын III (облустук) этабында жеңишке жетишкен мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты.
Жалпы жыйынтык боюнча 1-орунду 19 окуучу, 2-орунду 18 окуучу, 3-орунду 17 окуучу ээледи.
Командалык эсепте Бишкек шаары 21 орун, 49 упай менен I орунду ээлесе, Ош шаары 8 орун, 6 упай менен II орунду, Чүй облусу 7 орун, 11 упай менен III орунду алды.