МЕКТЕПТЕРГЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО 1-АПРЕЛДЕН БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

27 Март 2026 ж. 12:15

Көрүлдү: 150

Кыргызстанда мектептерге кабыл алуу электрондук система аркылуу жүргүзүлүп, эки этап менен ишке ашырылат. Бул система ата-энелерге балдарын онлайн форматта каттоого ыңгайлуу шарт түзөт.

post.title

Биринчи этап 2026-жылдын 1-апрелинде саат 10:00дө башталып, мектептин микроучастогунда жашаган (жашаган жери боюнча каттоосу бар) балдар үчүн каралган.

Экинчи этап 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат. Бул этапта ата-энелер бош орундар бар болгон учурда каалаган мектепке арыз бере алышат.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар