Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Март 2026 ж. 18:12
Көрүлдү: 73
2026-жылдын 26-мартында Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Каракол шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жамааты менен жыйын өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, учурдагы абал, ошондой эле көйгөйлөр жана 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.
Альберт Махметкулов билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү натыйжалуу ишке ашыруунун жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын катышуучулары билим берүү тармагын өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, аларды чечүү жолдорун талкуулашты.