ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙДЕ “САРМЕРДЕН” МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

26 Март 2026 ж. 17:36

Көрүлдү: 62

Бүгүн, 26-мартта, Нооруз майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде “Сармерден” маданий иш-чарасы өткөрүлдү.

post.title

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин директору Чинара Урумкалиева катышты.

Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди каалады. Ал өз сөзүндө улуттук баалуулуктарды сактоо жана аларды жаш муунга жеткирүү маанилүү экенин белгиледи:
«Улуттук маданиятты билген жана урматтаган жаштар - өлкөнүн келечеги», - деди министр.

Майрамдык программанын алкагында кыргыз элинин каада-салттары чагылдырылып, лицейдин окуучулары улуттук ыр-бийлерди тартуулашты. Иш-чара жаш муунга улуттук баалуулуктарды калыптандырууга багытталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар