Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Март 2026 ж. 16:15
Көрүлдү: 66
Бүгүн, 26-мартта, WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин үчүнчү аймактык мелдештери расмий түрдө башталды.
Мелдештер Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде «Мода технологиялары» жана «Ашпозчулук иши» компетенциялары боюнча, ал эми №27 кесиптик лицейде «Ширетүү технологиялары» компетенциясы боюнча өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, Каракол шаарындагы №14 кесиптик лицейде өткөн аймактык мелдештин ачылышына Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты.
Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде өтүп жаткан мелдешке министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова катышып, окуучуларга ийгиликтерди каалады.
Аймактык мелдештерге Бишкек, Чүй жана Талас облустарынын катышуучулары катышса, Ысык-Көл облусундагы этапка Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өкүлдөрү катышууда.
Ал эми түштүк аймагы боюнча мелдештер 30–31-март күндөрү Ош шаарында өтүп, анда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан конкурсанттар катышат.
Аймактык этаптын жеңүүчүлөрү 2026-жылдын 13–17-апрелинде өтө турган WorldSkills Kyrgyzstan Улуттук чемпионатына катышуу укугуна ээ болушат.
Аймактык мелдеш Улуттук чемпионатка жана эл аралык кесиптик таймаштарга тандоонун жана даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат. Мелдештер өлкөнүн бардык аймактарын камтып, кесиптик билим берүү системасынын мыкты студенттерин жана жаш адистерин бириктирет.
Улуттук чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, алар 2026-жылдын 22–27-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өтө турган 48-Эл аралык WorldSkills чемпионатына катышат. Бул ири эл аралык иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Мелдештин уюштуруучулары — Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду.