Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Март 2026 ж. 16:14
Көрүлдү: 68
Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан уюштурулган “Педагогикалык чеберчилик” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акбаралы Карабаев катышты.
Кесиптик кайра даярдоо курсун 77 катышуучу аяктады. Алардын катарында башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери, окутуучулары, өндүрүштүк окутуу чеберлери, ошондой эле орто кесиптик билим берүү уюмдарынын администрациялык кызматкерлери жана окутуучулары бар.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө мугалимдин коомдогу ордуна токтолуп, бул кесип чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Ал билим берүүдө жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, окуучунун потенциалын ачууда мугалимдин ролу өзгөчө экенин айтты.
Курс педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, методикалык даярдыгын бекемдөөгө жана окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган. Анын алкагында угуучулар педагогика жана психологиянын актуалдуу маселелерин, заманбап билим берүү технологияларын жана окуу процессин уюштуруунун жаңы ыкмаларын үйрөнүштү.