Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Март 2026 ж. 13:19
Көрүлдү: 106
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаңыбаева «КМШдагы мыкты педагог» эл аралык сынагында биринчи даражадагы дипломго ээ болду.
Сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, анда ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында өтүп, анын жыйынтыгында А. Жаңыбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы менен сыйланды.
Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Аида Сталбековнаны жетишкен ийгилиги менен куттуктайт.