«УЛУТТУК КААДА-САЛТ ЖАНА ЗАМАНБАП ДҮЙНӨ» АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

25 Март 2026 ж. 16:43

Көрүлдү: 149

2026-жылдын 25-мартында Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында «Улуттук каада-салт жана заманбап дүйнө» аттуу илимий-практикалык иш-чара өткөрүлдү.

post.title

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин  Администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттери, Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, коомдук ишмерлер, лицейдин эмгек жамааты жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын сактоо менен мамлекетти өнүктүрүү жана жаш муунду улуттук биримдикке, жоопкерчиликке тарбиялоо болуп саналат.

Ачылышында «Уңгу жол» доктринасынын мааниси белгиленип, анын негизги багыты улуттук мурастарды заманбап өнүгүү менен айкалыштыруу экени айтылды. Ошондой эле инсанды тарбиялоодо тартиптин жана мамлекет алдындагы жоопкерчиликтин ролу тууралуу сөз болду.

«Бүгүнкү саамалык “Уңгу жол” доктринасынын маанисин жаштарга жеткирүүдөгү маанилүү кадам. Окуу жайлардын негизги милдети — тарыхый мурастарды заманбап билим берүү менен айкалыштыруу», — деп белгилешти уюштуруучулар.

Иш-чаранын алкагында маданий программа тартууланды. Лицейдин окуучулары «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, мугалимдери кыргыз элинин каада-салттарын жана нарк-насилин чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Ошондой эле окуучулардын аткаруусунда патриоттук ырлар жаңырып, улуттук бийлер аткарылды.

Иш-чаранын соңунда окуу жайдын жетекчилиги мындай иш-чаралар жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтаган, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандар катары тарбиялоого багытталганын белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар