БИШКЕКТЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН ФУНДАМЕНТИН ТУРГУЗУУ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

25 Март 2026 ж. 16:25

Көрүлдү: 115

Бүгүн, 25-мартта, жаңы мектеп имаратынын фундаменттик плитасын куюу боюнча монолиттик иштердин башталышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов катышты.

post.title

Эдил Байсаловдун айтымында, жаңы мектептер кызматташтыкты жана өнүгүүнү чыңдаган маанилүү борборлорго айланат жана аларды миңдеген кыргызстандык үй-бүлөлөр чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ал бул долбоор имараттарды куруу менен гана чектелбестен, заманбап билим берүү ыкмаларын, технологияларын киргизүүнү жана жаңы билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камтый турганын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында жаңы мектептин башталышы менен мезгил кутучасы салынып, алгачкы курулуш иштери башталды.

Мектеп Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын түзүү тууралуу макулдашуунун алкагында курулууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар