МИНКАБ БАШЧЫСЫ А. КАСЫМАЛИЕВ ТАЛАСТАГЫ “АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

24 Март 2026 ж. 16:21

Көрүлдү: 276

2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

post.title

Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Талас шаарында курулуп жаткан “Акылман” Президенттик лицейинин имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Аталган лицей тууралуу Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат берди.

Белгилей кетсек, 2026–2027-окуу жылына карата “Акылман” Президенттик лицейинин Манас жана Талас шаарларындагы филиалдары ачылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар