ЭКИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ “САРМЕРДЕН” МАДАНИЙ ТАЙМАШЫНДА КҮЧ СЫНАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

24 Март 2026 ж. 12:38

Көрүлдү: 177

Бүгүн, 24-мартта, Нооруз майрамына карата №18 кесиптик лицейи жана “Анадолу” кыргыз-түрк кыздар лицейи тарабынан “Сармерден” маданий иш-чарасы өткөрүлдү.

post.title

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, ошондой эле Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Альберт Махметкулов жаштарды улуттук баалуулуктарга тарбиялоонун маанисин белгиледи:
“Мындай иш-чаралар улуттук салт-санааны, эне тилди жана маданиятты сактоодо өзгөчө роль ойнойт. Айрыкча жаштардын активдүү катышуусу алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана коомдогу ордун табууга өбөлгө түзөт”, - деди ал.

Майрамдык программанын алкагында коноктор этно-фуршет менен тосуп алынып, эки лицейдин өндүрүш көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле “Сармерден” оюн-зоок программасы тартууланды.

Иш-чаранын негизги максаты- кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын жана эне тилин жайылтуу, ошондой эле жаштарды адеп-ахлакка, биримдикке жана ынтымакка тарбиялоо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар