Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Март 2026 ж. 12:20
Көрүлдү: 279
“Акылман” Президенттик лицейи 2026-2027-окуу жылына карата, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-классында же 7-классында окуп жаткан өзгөчө зээндүү окуучулардын арасында конкурстук тандоону жарыялайт!
Ошондой эле, 2026-2027-окуу жылдарына карата “Акылман” Президенттик лицейинин филиалдары Манас жана Талас шаарларында да ачыла тургандыгын кубануу менен кабарлайбыз!
Буга байланыштуу, 2026-2027-окуу жылдарына карата “Акылман” Президенттик лицейинин Чолпон-Ата, Манас жана Талас шаарларындагы филиалдарына 6-класстар 7-класска бир учурда тандалып алынат. Ал эми 7-класстар 8-класска “Акылман” Президенттик лицейинин Манас жана Талас шаарларындагы филиалдары үчүн гана тандалып алынат.
Кабыл алуу 3 турдан турган конкурстук тандоонун негизинде жүргүзүлөт:
1-2-тур – бул онлайн тестирлөө форматында жана алар synak.akylman.edu.kg сайты аркылуу тапшырылат.
Ал эми, 3-тур – бул офлайн тестирлөө жана ал ар бир облустун борбор шаарында жеринен өткөрүлөт.











