КЫРГЫЗСТАНДА WORLDSKILLS KYRGYZSTAN ҮЧҮНЧҮ АЙМАКТЫК МЕЛДЕШТЕРИ БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

19 Март 2026 ж. 12:23

Көрүлдү: 233

2026-жылдын 26-31-март күндөрү Кыргыз Республикасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин үчүнчү аймактык мелдештери өтөт — бул Улуттук чемпионатка жана эл аралык кесиптик таймаштарга тандоонун жана даярдыктын маанилүү этабы болуп саналат.

post.title

Мелдештер өлкөнүн бардык аймактарын камтып, кесиптик билим берүү системасынын мыкты студенттерин жана жаш адистерин бириктирет.

Өткөрүү графиги:

• 26-март — мелдеш Бишкек шаарында (Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустарынын катышуучулары), ошондой эле Ысык-Көл облусунда (Ысык-Көл жана Нарын облустарынын катышуучулары) өтөт;

• 30–31-март — аймактык этап Ош шаарында өтүп, ага Ош Баткен жана Жалал-Абад облустарынын катышуучулары катышат.

Катышуучулар негизги компетенциялар боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүшөт:

• ширетүү технологиясы

• мода технологиясы

• ашпозчулук иши

Аймактык этаптын жеңүүчүлөрү 2026-жылдын 13–17-апрелинде өтө турган WorldSkills Kyrgyzstan Улуттук чемпионатына катышуу укугуна ээ болушат.

Улуттук чемпионаттын жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын 22–27-сентябрында Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган 48-Эл аралык WorldSkills чемпионатына (WorldSkills Shanghai 2026) катыша турган Кыргызстандын курама командасы түзүлөт. Бул чемпионатка дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары улуттук курама команда өнөктөш өлкөлөрдүн арасында өтүүчү достук эл аралык чемпионаттарга да туруктуу катышып келет бул даярдык деңгээлин жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.

Аймактык этапка даярдык көрүүнүн алкагында WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду эл аралык стандарттарга ылайык эксперттерди окутууда.

2026-жылдын 23–24-мартында атайын тренингдер өтүп анын жыйынтыгында эксперттерге бир жылдык мөөнөткө сертификаттар берилет.

Мелдештин уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана WorldSkills Kyrgyzstan коомдук фонду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар