КЫРГЫЗСТАНДА ЖРТга ДАЯРДАНУУ ҮЧҮН «БУЛАК» АКЫСЫЗ МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ ИШКЕ КИРДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

19 Март 2026 ж. 11:29

Көрүлдү: 3718

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдануу үчүн «Булак» акысыз мобилдик тиркемеси ишке киргенин маалымдайт.

post.title

Тиркемени иштеп чыгууда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору  тарабынан сунушталган өткөн жылдардын тесттик тапшырмалары колдонулду. Алардын негизинде иштеп чыгуучу Эмиль Билгазиев жана анын командасы жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен негизги предметтер боюнча окшош суроолорду даярдашты.

Тапшырмалардын сапатын камсыз кылуу максатында Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан экспертиза жүргүзүлдү. Адистер суроолордун туура түзүлүшүн, мектеп программасына шайкештигин, татаалдыгын, ошондой эле баалоонун объективдүүлүк принциптерине шайкеш келишин текшеришти.

«Булак» мобилдик тиркемеси мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу машыгуу тапшырмалары аркылуу ЖРТга даярданууга жардам берет. Ошондой эле ал бардык окуучулар үчүн, анын ичинде акы төлөнүүчү даярдоо курстарына жеткиликтүүлүгү жок аймактардагы окуучуларга тең мүмкүнчүлүк түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар