Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Март 2026 ж. 15:40
Көрүлдү: 297
Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Тимур Мадяров менен биргеликте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер каралды. Алардын ичинде бала бакчаларды куруу жана тарбиячылардын эмгек маяналары, билим берүү уюмдарындагы көйгөйлөр, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн этаптары жана мектептерди оптимизациялоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоо жана мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Жолугушууда катышуучулардын суроолоруна жооптор берилип, сунуштары алынды.