АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА JICA ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАШТАРДЫН ЛИДЕРЛИК КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

17 Март 2026 ж. 15:31

Көрүлдү: 287

2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова Кыргыз Республикасындагы JICA Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана алардын коомго интеграциялануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты. JICAнын өкүлдөрү белгилегендей, долбоордун алкагында 18 жаштан жогору катышуучулар үчүн окуу тренингдери өткөрүлүп жатат, ал эми келечекте активдүү катышуучулар үчүн Японияда стажировка каралган.

Министрдин орун басары инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы билим берүүчү мектептерге интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө: инклюзивдик класстар ачылып, мугалимдерди даярдоодо тиешелүү компоненттер киргизилүүдө, ошондой эле оор диагнозу бар балдар үчүн онлайн-класстар ачылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдиришип, Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча биргелешкен кадамдарды иштеп чыгуу тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар