Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Март 2026 ж. 21:21
Көрүлдү: 505
2026-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы айыл өкмөтүндө айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйында билим берүү тармагындагы бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Алардын катарында 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүү, мектептерди оптимизациялоо, бала бакчалардын курулушу жана билим берүү уюмдарындагы тазалык маселелери каралды.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаров тарабынан билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоо жана мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Министр катышуучулардын суроолоруна жооп берип, жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн айрым маселелер боюнча жеринде тиешелүү чечимдер кабыл алынды.