ЖЕТЕКЧИЛИК КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

16 Март 2026 ж. 19:07

Көрүлдү: 367

Бүгүн, 16-мартта, Агартуу министрлигинин жетекчилиги Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы бир катар билим берүү уюмдарына барышты.

post.title

Атап айтканда, министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева, Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов, Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова жана “Окуу китеби” басма үйүнүн директорунун орун басары Аида Ишеналиева Карга Мендегул уулу атындагы жалпы билим берүү мектебине, №10 “Келечек”, №18 "Асыл Мурас" бала бакчаларына жана К.Дюшеев атындагы №14 кесиптик лицейине барышты.

Жетекчилик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, санариптик платформалардын иштешин көрүштү. Ошондой эле жаңы муундагы окуу китептери жана санариптик платформаларды колдонуу менен сабак өтүп жаткан мугалимдердин сабактарына катышышты.

Мындан тышкары, жетекчилик мугалимдердин суроолоруна жооп берип, окуучулар менен жаңы окуу китептери боюнча пикир алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар