АГАРТУУ МИНИСТРИ АК-СУУ РАЙОНУНДА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

16 Март 2026 ж. 14:30

Көрүлдү: 438

Бүгүн, 16-мартта, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу районунда жарандарды кабыл алды.

post.title

Кабыл алууда жарандар мугалимдердин эмгек акысын эсептөө тартиби, мектептер менен бала бакчалардагы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле аймактардагы кесиптик лицейлердин деңгээлин жогорулатуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнү туризм, IT жана англис тили багыттарына ылайык өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Министр Ысык-Көл облусу туристтик аймак экенин белгилеп, туризм тармагына багытталган “Туризм мектебин” түзүү пландалып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, жарандар тарабынан Ак-Суу районундагы Балдардын билим берүү борборун компьютердик техника жана эмерек менен камсыз кылуу, ошондой эле ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган демилгелер боюнча кайрылуулар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр жарандардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелер тиешелүү тартипте караларын белгиледи.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар