МИНИСТРЛИКТИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

16 Март 2026 ж. 14:19

Көрүлдү: 275

Бүгүн, 16-мартта, Агартуу министрлигинин жетекчилиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жана Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунун билим берүү кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө пайда болгон маселелерге, санариптик платформалардын иштешине, билим берүү процессинин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгүнө, предметтик стандарттардын аткарылышына, базистик окуу пландары боюнча экинчи этаптагы өзгөрүүлөргө жана Президенттин улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына токтолду. Министр 2028-жылга чейин мектепке чейинки билим берүүнү 80%га жеткирүү максаты коюлганын билдирди.

Ошондой эле министр тармактык окутуу, жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздоо, заманбап башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарын түзүү жана аларга басым жасоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, окуучулар үчүн жалпы республикалык тестке даярдоочу санариптик тиркеме иштелип чыкканын жана ал бардык окуучулар үчүн бекер жеткиликтүү болорун кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Лира Самыкбаева санариптик платформаларды колдонуу боюнча презентация жасап, мугалимдерге мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу процесси санариптештирилип жатканын маалымдады. Министрликтин башкармалык башчылары мугалимдерден келген бала бакча, мектеп жана окуу китептери боюнча суроолорго жооп берип, сунуштарды кабыл алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар