МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ А. КАСЫМАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ТҮП РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

14 Март 2026 ж. 10:53

Көрүлдү: 137

2026-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районундагы бир катар социалдык объекттерди кыдырды.

post.title

Түп айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы жакында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн В. Кайкин атындагы орто мектепке барды. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү мекемесинин абалы тууралуу маалымат берди. Иш сапардын жүрүшүндө алар мугалимдер жана окуучулар менен баарлашып, ошондой эле педагогдордун билим берүү процессинде «Алтын Казык» ноутбуктарын жана санариптик платформаларды кандай колдонуп жаткандыгы менен таанышты.

Ошол эле күнү министр 1968-жылы курулган Бирлик айылынын авариялык абалдагы мектебин көрдү. Д. Кендирбаева «Э-Күндөлүк» электрондук системасында мектеп боюнча маалыматтар бар экенин белгилеп, жакынкы убакта алар Курулуш министрлигине жөнөтүлөрүн билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар