«ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР» ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

13 Март 2026 ж. 13:07

Көрүлдү: 238

2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Алкыш» ыраазычылык сыйлыгы менен сыйланышты.

post.title

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын катышуучуларына, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясын уюштурууга катышкан кызматкерлерге, ошондой эле балдардын укугун коргоого салым кошкон адистерге тапшырды.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке менчик мектептерди лицензиялоо талаптары жеңилдетилип, билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бир катар чаралар ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар