ЧҮЙ ОБЛУСУНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КЕҢЕЙТИЛГЕН ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

12 Март 2026 ж. 14:07

Көрүлдү: 274

Бүгүн, 12-мартта, Чүй облусунда мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу маселелерин талкуулоо максатында Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

post.title

Жыйынга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гулмира Кыштобаева, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары - акимдердин, шаар мэрлеринин орун басарлары, облустук, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү тармагындагы учурдагы абал, балдарды бала бакчалар менен камтуунун деңгээли, учурдагы бала бакчалардын имараттарын эффективдүү колдонуу, инфраструктураны кеңейтүү, жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачуу, ошондой эле билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

Өзгөчө, жыйындын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын ролун күчөтүү, мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүн эффективдүү колдонуу планын ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Жыйын ачык форматта өтүп, катышуучулар тарабынан аймактардагы көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча сунуштар айтылып, суроо-жооп форматында кеңири талкуу жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар белгиленип, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барууну күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар