КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНЫН ПРИНЦИПТЕРИН КИРГИЗҮҮ КҮЧӨТҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

12 Март 2026 ж. 10:52

Көрүлдү: 269

2026-жылдын 11-мартында Республикалык илимий-методикалык борбордо Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинованын жана кесиптик лицейлердин директорлорунун орун басарларынын катышуусунда жумушчу кеңешме өттү.

post.title

Кеңешмеде Азия өнүктүрүү банкынын эксперти Максат Абдигапаров окуу программаларына жашыл көндүмдөрдү киргизүүнүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгиледи. Айрыкча жаратылышты коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, алар теориялык сабактарда да, окуучулардын практикалык даярдыгында да колдонулушу керектиги айтылды.

Директорлордун орун басарлары башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында кесиптердин тармактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жашыл экономика принциптери жана таштандыларды азайтуу боюнча окутуу жүргүзүлүп жатканын белгилешти. Бул кесиптик лицейлердин окуучуларында заманбап экологиялык компетенцияларды калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Башкармалыктын башчысы Айнура Кусеинова окуучулар менен долбоордук иштерди уюштурууну, Республикалык илимий-методикалык борбор менен биргеликте экологиялык көндүмдөрдү киргизүү боюнча программаны иштеп чыгууну жана анын жыйынтыктарын көрсөтүү менен ишке ашырууну улантууну сунуштады.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, билим берүү процессине жашыл ыкмаларды киргизүүнүн мыкты тажрыйбаларын талкуулашты. Кеңешме башталгыч кесиптик билим берүү системасында экологиялык жактан сабаттуу адистерди даярдоо боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүүгө жана жаңы чечимдерди издөө үчүн аянтча болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар