МИНИСТРЛИКТЕ МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО ДОЛБООРУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

6 Март 2026 ж. 13:54

Көрүлдү: 352

2026-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министр Догдуркул Кендирбаева менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү Миссиянын алкагында жолугушуу өткөрүштү.

post.title

Жолугушууга ошондой эле министрдин орун басары Надира Джусупбекова, социалдык сектор боюнча адис, Адам ресурстары жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери Маматкалил Разаев, банктын адиси Бактыгүл Омурзакова жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Жылдыз Узбекова катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун жалпы ишмердүүлүгүн талкуулашты.


Өзгөчө көңүл мектептик билим берүүнү реформалоодо жетишкендиктерди көрсөтө турган алты саясий чарага бурулду, алардын аткарылышы министрликке жүктөлгөн.


Догдуркул Кендирбаева бул жылы профилге чейинки даярдык ишке ашарын жана ал келерки жылдан тарта профилдик билим берүүнү киргизүүгө жол ачарын белгиледи. Бул үчүн министрдин айтымында, Базистик окуу планы ийкемдүү болуп, мектептерге академиялык эркиндикти камсыз кылышы керек.
Миссия учурунда инновациялык мектептердин учурдагы абалы жана алардын өнүгүү перспективалары да талкууланды.


Андан сырткары, катышуучулар АӨБ тарабынан каржыланчу келечектеги башталгыч кесиптик билим берүү долбооруна даярдыкты талкуулашты.
Миссиянын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар жана сунуштар эскерме катка киргизилип, министрликке сунушталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар