Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Март 2026 ж. 18:14
Көрүлдү: 86
Бүгүн, 5-мартта Бишкекте 2020-2026-жылдары ишке ашырылган «Ден соолуктун негиздери жана укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» программасынын жыйынтыктары чыгарылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Доктор Баркат Фазал жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Жыйында программанын саламаттык сактоо системасын жана эрте куракта балдарды өнүктүрүүгө багытталган кызматтарды чыңдоого, ошондой эле гендердик жана социалдык тоскоолдуктарды азайтууга тийгизген таасири тууралуу маалымат берилди.
Өз сөзүндө агартуу министри долбоор билим берүү, саламаттык сактоо жана коомчулук өкүлдөрүнүн натыйжалуу кызматташтыгынын үлгүсү болгонун белгиледи.
«Ата-эненин балага болгон мамилеси кенже курактан калыптанат. Беш жашка чейин баланын жүрүм-турумунун 80 пайызы калыптанып, калган 20 пайызы өмүр бою коштоп жүргөн көндүмдөргө айланат. Ошондуктан үй-бүлөдөгү тарбия өзгөчө мааниге ээ. Долбоордун алкагында аталардын балдардын өнүгүүсүнө катышуусун жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлдү», - деди министр.
Анын алкагында Ош жана Нарын облустарындагы 30 бала бакчада 77 медициналык кызматкер жана жетекчи окутулуп, медициналык кароо бөлмөлөрү зарыл жабдуулар менен камсыздалды. Ошондой эле бала бакчалардын медициналык кызматкерлери үчүн 72 сааттык кесиптик өнүгүү курсу иштелип чыгып, азыр ал КММКДжКЖИ платформасында жеткиликтүү.
Мындан тышкары, Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын алыскы райондорундагы 34 мектепте мектеп ден соолук комитеттери түзүлүп, окуучулар, мугалимдер, медициналык кызматкерлер жана ата-энелер биргелешип туура тамактануу, гигиена жана санитария боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүштү. Бул мектептерде медициналык бөлмөлөр да жаңыланып, окуучулар үчүн саламаттык кызматтары жакшыртылды.
Долбоор ошондой эле Бишкек, Нарын жана Ош шаарларында өспүрүмдөрдүн саламаттыгы жана жыргалчылыгы боюнча симпозиумдарды уюштуруп, билим берүү, саламаттык сактоо жана жарандык коом өкүлдөрүн бириктирди.
Уюштуруучулар долбоордун ийгиликтүү тажрыйбасын мындан ары да улантып, аны өлкө боюнча кеңейтүү пландалып жатканын белгилешти.