МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

5 Март 2026 ж. 14:52

Көрүлдү: 105

Бүгүн, 5-мартта, Агартуу министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү.

post.title

Жыйынга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Надира Джусупбекова, Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле онлайн форматта бардык шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Алгач министрдин орун басары мектепке чейинки билим берүүнүн учурдагы абалы жана өнүгүү динамикасы тууралуу баяндама жасады. Анда камтуу деңгээли жана региондор аралык айырмачылыктар, инфраструктуралык камсыздоо, кадрдык потенциал, билим берүүнүн сапаты жана 2026-2030-жылдарга карата стратегиялык багыттар боюнча маалыматтар берилди.

Эдил Байсалов мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 51% түзгөнүн белгилеп, бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайтаруу жана уктоочу бөлмөлөрдү трансформациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жетишкендик катары баалады.

Өз кезегинде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ар бир баланын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана кенже курактагы балдардын чыгармачылыгын дүйнөлүк технологияларды колдонуу аркылуу өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Ынтымакка, достукка, салттык баалуулуктарга жана жашыл чөйрөнү урматтоого үйрөткөн өнүктүрүүчү китептер менен камсыздоо, ата-энелер менен билим берүү уюмдарынын кызматташуусун күчөтүү, бала бакчаларда бешик ырын жаңыртып туруу баланын инсан катары калыптанышына өбөлгө түзөт. Билим берүү бөлүмдөрү жаратмандык менен балдар үчүн кызмат кылуу багытында иш алып баруусу керек», - деди министр.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар артыкчылыктуу чаралар аныкталып, протоколдук тапшырмалар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү белгиленди. Алардын негизгиси: мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн билим берүү жана өнүктүрүү чөйрөлөрүнүн улуттук жаңы моделин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча жумушчу топ түзүү; ар бир район жана шаарда алдыңкы бала бакчаларды аныктап, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана тажрыйба алмашууну уюштуруу; мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн Санарип кампа платформасын иштеп чыгуу жана жыл сайын 570 уктоочу бөлмөнү трансформациялап, алардын ордуна өнүктүрүүчү бөлмөлөрдү түзүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар