Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Март 2026 ж. 14:22
Көрүлдү: 104
Бүгүн, 5-мартта, Агартуу министрлигинде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева жана JICAнын билим берүү маселелери боюнча улук кеңешчиси Мурато Тошио катышты.
Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, министрликтин өкүлдөрү мектептерде инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү күчөтүүнү сунушташты. Бул үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштеген адистерди даярдоо зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, кесиптик лицейлердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана кесиптик билим берүү системасына инклюзия элементтерин киргизүү сунушталды. Ошондой эле методика жана стандарттарды иштеп чыгууга тартылган педагогдордун жана эксперттердин квалификациясын жогорулатуу, билим берүүнүн сапатын талдоо жана мониторинг жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министрдин орун басары Лира Самыкбаева Япониянын билим берүү системасынын ийгиликтүү тажрыйбасын белгилеп, эл аралык программалардын алкагында көрсөтүлүп жаткан колдоо жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү үчүн агенттикке ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Мурато Тошио JICA беш жылдык стратегиялык план иштеп чыгып жатканын, анда билим берүү артыкчылыктуу багыттардын бири катары караларын маалымдады. Берилген сунуштар талдоодон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен кызматташуунун негизги багыттары аныкталат.