АГАРТУУ МИНИСТРИ БАТКЕНДЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

4 Март 2026 ж. 17:11

Көрүлдү: 343

2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар билим берүү уюмдарына барды. Тактап айтканда, министр Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектебине, Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейге, ошондой эле Кадамжай районунун жалпы орто билим берүү мектептерине барды.

post.title

Министрликтин жетекчилиги жатак-мектептин жана №57 кесиптик лицейдин имараттарынын абалы менен таанышып, эмгек жамааты менен билим берүү процессиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мындан тышкары, Кадамжай районунда мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен жолугушуу өттү. Анда окутуу процессин санариптештирүү багытындагы инструменттерди, окуу китептерин колдонуу жана жаңыланган предметтик стандарттарды практикага киргизүү маселелери каралып, катышуучулар өз сунуш-пикирлерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар